Элчиликтин маалыматтык билдирүүсү
![](/uploads/content/29668/0e858a78-bda7-308a-bfce-a180099423d5.jpeg)
КРнын РФдагы Элчилиги Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2024-жылы Курман айт майрамы 16-июнда белгилене турганын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Курман айт майрамы жумуш эмес, майрам күнү болуп саналат.
Ошого байланыштуу келе жаткан майрам жана дем алыш күндөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги өз ишин 2024-жылдын 18-июнунда улантарын маалымдайбыз.
Ошону менен бирге Элчиликтин Консулдук бөлүмүндө мекендештердин консулдук жана юридикалык жардамды тез арада алуусу талап кылынган оор кырдаалдарга туш болгон кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн: +7 925 285 50 47; +7 (925) 115 50 47 ишеним телефондору иштейт.