Элчи А.Джекшенкуловдун Колумбия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Альфонсо Лопес Кабальеро менен жолугушуусу өттү

3362

2020-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Колумбия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Альфонсо Лопес Кабальеро менен колумбия тарабынын демилгеси боюнча жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин, эл аралык уюмдар, туризм, билим берүү жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр алкагында кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуулар болду.

Колумбия тарабы эки тараптуу мамилелерди интенсификациялоого, өлкөлөр ортосунда кызматташууну бекемдөөгө, эң жогорку деңгээлде жана тышкы иштер министрликтердин башчыларынын деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларды көбөйтүүгө кызыкдар жана даяр экендиктерин билдирди.

Эки тараптуу мамилелерди интенсификациялоо максатында Элчи А.Джекшенкулов Колумбия Республикасынын Элчисинин Ишеним грамотаны тапшыруу үчүн КРсына сапарын уюштуруу боюнча көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Колумбиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө келишимине келишти. Кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара байланыштар үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы да белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK