Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Исландиянын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Берглинд Асгейрсдоттир менен жолугушуусу өттү

3272

2020-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Исландиянын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Берглинд Асгейрсдоттир менен исландия тарабынын демилгеси боюнча жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин, эл аралык уюмдар, энергетика, айыл чарба, анын ичинде балык өндүрүү, туризм, билим берүү жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр алкагында кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуулар болду.

Исландская тарабы эки тараптуу мамилелерди интенсификациялоого, энергетика,  энергияны кайра өндүрүп чыгаруу тармактарында кызматташууну жана балык өндүрүү чөйрөлөрүндө жаңы технологиялар менен алмашууга кызыкдар жана даяр экендиктерин билдирди.

Эки тараптуу мамилелерди интенсификациялоо максатында Элчи А.Джекшенкулов Исландиянын Элчисинин Ишеним грамотаны тапшыруу үчүн КРсына сапарын жана мамлекеттик компетентүү органдар, Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруу боюнча көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Исландиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын феврали жана апрель айларында исландиялык инвесторлордун Бишкек шаарын сапарын уюштуруу келишимине келишти. Кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара байланыштар үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы да белгиленди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK