2020-жылдын 8-февралында Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин базасында менталдык арифметика боюнча AMAKids WORLD CUP 2020 Эл аралык Олимпиада өттү

3233

2020-жылдын 8-февралында Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин базасында менталдык арифметика боюнча AMAKids WORLD CUP 2020 Эл аралык Олимпиада өттү.

Өзгөчө шыгы бар балдардын москвалык турнирине 22 өлкөдөн 1500 бала катышты. Кыргызстандан Бишкек шаарындагы № 13-мектептин 3-классынын окуучусу Меркин Артем катышты.

А.Меркин также Олимпиаданын оюн-зоок программасында кыргыз улуттук костюм кийип Кыргызстан жөнүндө видеоролик көрсөтүп, бир учурда добулбас ойноп жатып, атайын белгиленген сандарды санап, шыгын көрсөттү. Россиянын борборуна келээрде өзү жазган ыр саптары өзгөчо көнүлдү бурду.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Россия Федерацмясындагы Элчилигинин Кеңешчиси Б.Абдыжапарова катышты.

Олимпиаданын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын өкүлү  А.Меркин AMAKids WORLD CUP 2020 Эл аралык Олимпиаданын финалисти болуп табылды. Жарым финалдагы жогорку жаштагы балдар категориясында «Анзан» аталган эң татаал деңгээлде Артем 432 балл топтоду, бул биринчи орундан финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

А.Меркин менталдык арифметика боюнча Кыргызстанда, Беларуссияда, Түркияда, России, Казакстанда, Малайзияда өткөн 13 олимпиаданын катышуучусу болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK