Греция Республикасынын Президенти П.Павлопулоско Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана айкалыштырып иштөө менен Греция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Ишеним грамотасын тапшыруу аземи

3167

2020-жылдын 12-февралында Афины шаарынын Президенттик сарайында Греция Республикасынын Президенти П.Павлопулоско Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана айкалыштырып иштөө менен Греция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Ишеним грамотасын тапшыруу аземи өттү.  

Жумушчу сапардын алкагында Греция Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин РФсы, Белоруссия, Украина жана Борбордук Азия Департаментинин директору Д.Тулупас жана Ыйгарымдуу министр, департамент директору И.Эфтимиаду менен жолугушуулар болду. Жолугушулардын алкагында кыргыз-грек эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүнүн келечеги, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда укуктук базаны бекемдөө зарылдыгы, коопсуздук, экономикалык, туристтик, билим берүү, маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ, ЕККУ алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK