А. Джекшенкулов Алтай Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы, Алтай Республикасынын Эл жазуучусу Б.Бедюров менен анын демилгеси боюнча жолугушту

2882

2020-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А. Джекшенкулов Алтай Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы, Алтай Республикасынын Эл жазуучусу Б.Бедюров менен анын демилгеси боюнча жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө чыгыш таануучу-түрколог Б.Бедюров Евразия мейкиндигинде  Алтай цивилизациясынын изилдөөнүн бай тарыхын, алтай векторун тарыхчы-окумуштуулар тарабынан изилдөөнүн активдүү алга жылышы жана Евразия аймагында анын бириктирүүчү ролу жана актуалдуулугун белгилеп кетти.

Элчи А.Джекшенкулов тараптар Алтай мурасын терең иликтөө менен келечектеги муунга өткөрүүнү, биздин көчмөн маданиятты жаңы тарыхый шарттарда байытууну улантуу зарылдыгын белгиледи.

Ушуга байланыштуу Элчи Ала-Тоодон Алтайга көчүп барган кыргыздарга Алтайда элдердин биримдигин чагылдырган жана Евразия рухунун символу болгон эстелик тургузуу жана, жана ошондой эле эстеликти Бишкекте “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде коюумүмкүнчүлүгүн кароо маселесин иштеп чыгууну өзгөчө белгиледи.  

         Тараптар байланыштарды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, эки тараптын окумуштуу, тарыхчы, чыгыш таануучуларын, маданий-гуманитардык мекемелердин өкүлдөрүн тартуу менен Эриш-аркак жылдын алкагында иш-чараларды (тегерек стол, конференция, көргөзмө) биргелешип өткөрүү боюнча мындан аркы пландар такталды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK