РФнын Өкмөтүнүн алдындагы Финансы университети менен биргеликте өткөрүлгөн “Евразиялык экономикалык союздун жана миграциянын эмгек рыногунун келечеги” аталган илимий-практикалык конференциянын өткөрүлүшү тууралуу

3037

«Евразиялык экономикалык союздун жана миграциянын эмгек рыногунун келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференция тууралуу

2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университети менен биргеликте «Евразиялык экономикалык союздун жана миграциянын эмгек рыногунун келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарада Кыргызстандын Россиядагы Элчиси А.Джекшенкулов, Кыргызстандын Президентинин Кеңешчиси О.Панкратов, Россиянын Президентинин Администрациясынын жана Пенсиялык фондунун атайын кесиптик башкармалыктарынын жетекчилери, КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасынын орун басары С.Иванов, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин, Армения, Казакстан, Өзбекистан, Молдова өлкөлөрүнүн Элчиликтеринин өкүлдөрү, Евразиялык экономикалык союздун Коллегиясынын мүчөлөрү жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун, Россиянын мусулмандар башкармалыгынын, Орус Православиялык Чиркөөнүн, Адам укуктары боюнча Ыйгарымдуу Аппараттын, Россия илимдер академясынын кызматкерлери жана өкүлдөрү, бул багыттагы эксперт, окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын профессорлору, ошондой эле Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Иш-чараны телеберүү жана басма бетинде чагылдырууну Россиянын Өкмөтүнүн расмий басылмасы «Российская газета» баш болгон кыргыз, россиялык ЖМКы коштоду.

Өз сөзүндө Элчи А.Джекшенкулов иш-чара эки өлкөнүн башчылары С.Жээнбеков менен В.Путин тарабынан ачылган үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышынын алкагында өтүп жаткандыгын баса белгилеп кетти.

Конференциянын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучуларынын мазмундуу жана кеңири баяндамалары жасалып, Евразиялык экономикалык союздун алкагында эмгек мигранттарынын укуктук абалдарын жакшыртуу боюнча сунуштар, алардын ичинде миграциялык каттоого тургузуу жол-жоболору тууралуу, азыраак укук бузуулар үчүн административдик мыйзамдын либераралдаштыруу, эмгек мигранттын жана анын үй-бүлөсүн милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу, ошондой эле эмгек мигранттарды кабыл алган Союзга мүчө өлкөгө кирүүнүн максатын өзгөртүү жана башка миграциянын актуалдуу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK