Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги кыргыз коомдук бирикмелер менен биргеликте «Ак калпак» күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү

3019

2020-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги кыргыз коомдук бирикмелер менен биргеликте «Ак калпак» күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов куттуктоо сөзүндө Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн Ак калпактын  Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн улуттук мурас катары маанисин белгилеп, мекендештерге Ак калпакты даңазалоо менен анын руханий баалуулугун чет өлкөдө ыйык сактап келе жаткандыктары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Элчи салтанаттуу иш-чара Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын алкагында өтүп жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Россияга болгон иш сапары жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти В.Путин тарабынан Кайчылаш жылдын салтанаттуу ачылышынын ийгиликтүү ишке ашырылышы кыргыз-россиялык стратегиялык союздаштыкты жана өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүүгө багытталды деп билдирди, учурдан пайдаланып, Элчи үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Мамлекеттик Кремль сарайында Кайчылыш жылдын салтанаттуу ачылышына активдүү катышкандыктары үчүн мекендештерге терең ыраазычылыгын билдирип кетти.

Иш-чаранын алкагында Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын жетекчилери куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин көрүүчүлөргө Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын маданият борборлорунун өкүлдөрү жана Кыргызстандык эмгек мигранттарынын балдары билим, тарбия алып жаткан бала бакчалардын тарбиячылары тарабынан даярдалган концерт тартууланды. Балдар жазгы майрам - Эл аралык Аялдар күнүнө карата энелерин, эжелерин куттукташты. Балдар концерти мекендешибиз, Москвадагы балдар аниматору Б.Алимкулованын жетекчилиги менен даярдалды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK