Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун менен Россия Федерациясындагы Ирландия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б. МакЭлдафф менен ирландия тарабынын демилгеси боюнча жолугушуусу өттү

3030

2020-жылдын 12-мартында Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун менен Россия Федерациясындагы Ирландия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б. МакЭлдафф менен ирландия тарабынын демилгеси боюнча жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы, эл аралык уюмдар алкагындагы кызматташуу, айыл чарбаны, туризмди өнүктүрүү, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштар боюнча пикир алмашуулар болду.  

Ирландия тарабы эки тараптуу мамилелердин интенсификациялоого, билим берүу долбоорлор, айыл чарба жана балык өндүрүү чөйрөлөрүндө кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.  

Эки тараптуу мамилелерди интенсификациялоо максатында Элчи А.Джекшенкулов Ирландия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б. МакЭлдафф мырзанын атына агреман алуусуна көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ирландия тарабына 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын эл аралык көргөзмө-жарманкелик иш-чараларынын Календардык планы камтылган Элчиликтин Нотасы тапшырылды.  

Тараптар Кыргызстан менен Ирландия ортосунда достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөнү белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK