КРнын РФдагы Элчилигинин атынан көңүл айтуусу

3216

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов жана Элчиликтин  жалпы жамааты Болот Бейшенбекович Мукашевдин узакка созулган ооруга байланыштуу дүйнө менен кош айтышкандыгына байланыштуу, терең кайгыруу менен жакындарына, туугандарына  көңүл айтат.

Б.Мукашев Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматына көп жылдык эмгеги сиңип, Кыргызстандын чет өлкөлөр менен болгон эки жана көп тараптуу мамилелеринин өнүгүүсүнө зор салым кошкон, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатында салмактуу орду бар, татыктуу абройго ээ болгон.  Анын өрнөктүү өмүрү, жаркын элеси түбөлүк эсибизде сакталат.

Орду толгус оор жоготууга учурап турган ушул кыйын кырдаалда жакындарынын кайгыларын тең бөлүшөт.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK