Коронавирустук инфекцияга байланыштууу Элчиликтин маалыматтык билдирүүсү

3377

Коронавирустук инфекцияга (2019-nCoV) байланыштуу келип түшкөн кайрылуу, суроолорго байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жаңы коронавирустук инфекциянын алдын алуу, жайылтпоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана комепетенттүу органдары тарабынан жасалып жаткан иштер, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беребиз.

Медициналык кызматкерлер, эпидемиологдор, обсервация кызматкерлери, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери үзгүлтүксүз, күнү-түнү дежурлук түзүү шартында иштешүүдө.

Калкты эң керектүү тамак-аш менен экономикалык жактан жеткиликтүү денгээлде камсыздоо максатында социалдык маанилүү азыктардын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынууда. 

Өз кезегинде КРнын РФдагы Элчилиги күчөтулгөн режимде иш алып барууда, жарандарды кабыл алуу токтотулбастан, кызматкерлер дежурлукту актарышууда, күнү-түнү тез байланыш линиясы иштөөдө, кырдаалга байланыштуу жарандардын бардык суроолоруна тийиштүү жооптор жана кеңештер берилүүдө.

Коронавирустук инфекцияга байланыштуу татаал эпидемиологиялык кыраалдын биринчи күнүнөн тартып, Элчиликте атайын штаб түзүлүп, россия тарабынын Кыргызстанга керектүү жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгууда.

Үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында россия тарабы калк арасында  коронавирусту аныктоочу тест-системанын бир нече партиясын жөнөткөн. Бүгүнкү күну россия тарабынан 7500 тест-система  берилип, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин муктаждыгы толугу менен жабылды.

Элчилик россиянын компетенттүү органдары менен биргеликте Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулары боюнча иш алып барууну улантууда. Азербайжан, россия жана казакстан тараптары менен келишимдин негизинде кыргызстандык жүк ташуучулар Азербайжандын аймагынан Россиянын аймагын чыгып, андан ары транзит аркылуу Кыргызстанга кетүү үчүн Казакстандын аймагына жетишүүдө.

Кырдаал боюнча келип чыккан суроолор боюнча Россиянын мамлекеттик органдары менен, анын ичинде жогорку деңгээлде  өз ара аракеттенүүнү өзгөчө белгилеп кетүүгө болот.

Казакстан Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдарды киргизүу тууралуу Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгына, ошондой эле 2020-жылдын 16-мартынан баштап чет өлкөлүк жарандарды аймагына киргизбөө чарасына өзгөчө  көнүлүңүздөрдү бурабыз

(https://www.akorda.kz/ru/legal_acts/decrees/o-vvedenii-chrezvychainogo-polozheniya-v-respublike-kazahstan).

Мындан сырткары Россия Федерациясынын Өкмөтү 2020-жылдын 18-мартынан тартып Россиянын аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынды  (http://government.ru/docs/39179/).

Бул баяндалгандардын негизинде Элчилик кыргыз жарандарынын россия-казакстан чек арасынан темир жол жана автоунаа транспорттору  менен өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин маалымдайт.

Кыргыз жарандарынын Россиядан чыгуусу авиа каттамдары аркылуу гана болот жана алардын кайра Россияга келүүсү киргизилген чектөө токтотулгандан кийин гана мүмкүн болот.

Ошондой эле жарандардын көңүлүнө коронавирустук инфекциянын алкагында мындай чектөөчү чаралар убактылуу гана экендигин буруп кетебиз.

Ушуга байланышуу, Элчилик бардык жарандарыбызга кырдаалга өтө олуттуу мамиле кылуу менен, киргизилген тартип, эрежелердин бекем сактоого чакырат:

- адамдар көп чогулган жерлерге керексиз болбосо барбоо;  

- жеке гигиена сактап, саламаттыкты сактоо органдарынын сунуш, көрсөтмөлөрүн так аткаруу;

- Эпидемияга каршы такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарда, жеке баракчаларда ЖМКда таркатпоо;

- жаңы инфекция жугузуп алуу коркунучунун белгилери байкалса, тез арада «103» телефону аркылуу дарыгерлер менен байлынышып, же  тез жардамды чакыруу керек.

Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу же электрондук даректерге: +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04, или на e-mail: info@kyrgyzembassy.ru, ошондой Элчиинин блогуна: www.elchi.ru байланышсаңыздар болот

Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

 

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK