Пресс-релиз 2020-жылдын 28-июнундагы “Москва-Бишкек” маршруту боюнча болгон “студенттик” авиакаттамы тууралуу маалымат

3786

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, ошондой эле, студенттердин жана алардын ата-энелеринин көптөгөн кайрылууларынын негизинде, 2020-жылдын 28-июнунда Москва шаарынан Бишкек шаарына “студенттик” чартердик каттам менен 394 Кыргыз Республикасынын жарандары учуп кетти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине РФнын жогорку окуу жайларында бакалавриат программасы боюнча окуп жаткан студенттер кирди.

Кыргызстанга кайткандардын арасына Россиянын алыскы аймактарында, анын ичинде Калмык мамлекеттик университетинде, Воронеж мамлекеттик агрардык университетинде, Пенза мамлекеттик агрардык университетинде, Псков мамлекеттик университетинде, НИТУ МИСиС, Башкир мамлекеттик университетинде, Россиянын бажы академиясынын Ростов-на-Дону, Люберцы шаарларындагы филиалдарында, Мамлекеттик агрардык университетинде, Москва физика жана технология институтунда, Мордовия мамлекеттик университетинде, РУДН, НИЯУ МИФИ, Казань мамлекеттик университетинде, Александров өнөр жай юридикалык колледжинде, Самара мамлекеттик агрардык университетинде билим алып жаткан студенттердин чоң тобу кирди.

Ошондой эле, Токиодогу Параолимпиадалык оюндарга даярдык көрүүгө РФнын аймагына келген пара пауэрлифтинг боюнча КРнын курама командасынын мүчөлөрү Мекенине кайтышты.

Мындан тышкары, кош бойлу айымдар, оор дартка чалдыккан жана жакын туугандары каза болгон жарандар Кыргызстанга кайтышты.

2008-жылдын 14-апрелиндеги №58-жеке мүнөздөгү маалымат тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык КРнын жарандары тууралуу маалыматты алардын макулдугу жок жарыяланбайт.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун буйругуна ылайык, Элчилик Россия тарабы менен натыйжалуу иш-аракеттерди жүргүзгөндүгүнөн улам, Москва шаарынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен эконом-класстагы авиабилеттердин баасын төмөндөтүү маселеси чечилди.

Тактап айтканда, КРнын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык, коронавирус илдетинин пандемиясынан улам турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон 621 КРнын жарандарына карата “Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” маршруттары боюнча жүргүзүлө турган авиакаттамдарынын наркы Москва шаарынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 50% субсидиясы менен эсептелинди. Жыйынтыгында, бул каттамга билеттин баасы 6 740 рублди түздү.

Мүмкүнчүлүк менен пайдаланып, Элчилик Москва шаарынын Өкмөтүнө, Росавиацияга жана РФнын башка компетенттүү органдарына КРнын жарандарын Мекенине кайтаруу үчүн каржылык жардам көрсөтүлгөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Жарандардын жаңы кайрылууларынын Элчиликке туруктуу келип түшкөндүгүнө байланыштуу жана чартердик каттамдар жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, Мекенине кайтуу жөнүндө жарандардын кайрылууларынын саны азайбай жатат жана 7000ден ашат.Тилекке каршы бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүнчулук жок. “Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” маршруттары боюнча бир жумада эки авиакаттамдар пландаштырылууда.

2020-жылдын 20-мартынан тартып 28-июнуна чейин Россиядан Кыргызстанга 54 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз. Жалпысынан бүгүнкү күнгө 12 178 жаран, алардын ичинде 700-гө жакын студенттер Кыргызстанга кайтты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK