Коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү

3156

Бүгүн, 30-июль, Кыргыз Республикасынын Президентинин С.Ш.Жээнбековдун Жарлыгына ылайык коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин имаратында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу ылдый түшүрүлдү.

Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту. Бул илдеттен биз кесиптештерибизден айрылдык. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады.

Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз.

Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла - дейбиз. Жараткандан сабыр тилейбиз.

Элибизди жана сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудай Өзү колдосун!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK