Чартердик авиакаттамдар менен КРнын жарандарын Мекенине жөнөтүү боюнча айрым жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары боюнча Элчиликтин алдындагы Атайын комиссиянын иши тууралуу 2020-жылдын 4-августундагы маалыматты

3483

Жарандардын кайрылууларында жана социалдык түйүндөрүндө жарандарды Мекенине жөнөтүү үчүн тизмесине киргизүү маселеси боюнча коррупциялык схемалар жөнүндө маалымат таркагандыгына байланыштуу Элчиликтин алдында ушундай кайрылууларды карап чыгуу максатында атайын комиссия түзүлгөн.

Атайын комиссияны КРнын РФдагы ИИМнин Өкүлү, милициянын полковниги Н.С.Жаанбаев жетектейт, анын курамына коопсуздук маселелери боюнча иш алып бара жаткан Элчиликтин, КРнын РФдагы ИИМнин жана Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери кирет.

Атайын комиссиянын ишинин натыйжасында, дагы эки алдамчы аныкталып, тизмеге кирүүгө көмөктөшүү үчүн КРнын жарандарынан акча талап кылып жаткандыгы белгилүү болду.

2020-жылдын 28-июлунда, 1994-жылы туулган, А.Д. аттуу жаран КРнын РФдагы ИИМнин Өкүлчүлүгүнө кайрылган. Бул жаран өзүнүн арызында 2020-жылдын 10-июлунда чартердик авикаттамдын жүргүнчүлөрүнүн тизмесине киргизүү өтүнүчүн камтыган арызын берүү үчүн КРнын Москвадагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылган. Кезекте турган учурда бул жаран акчалай сыйлык үчүн Мекенине кетүү тизмесине кошууга жардам берем деп убада берген бир адамды жолуктурган. Акча-каражатты алып, жардам берем деп убада берген жаран качып кеткен. Бул факт Москва шаарынын Якиманка районунун РФнын ИИМнин Бөлүмүнү тарабынан каттоого алынган. РФнын ИИМнин Бөлүмүнүн кызматкерлеринин КРнын РФдагы ИИМнин Өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында, жаш жигиттин өздүгү аныкталды. Бул жаран (К.М.) Чүй облусунда 1990-жылы туулган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, Атайын комиссиянын дарегине 1998-жылы туулган, Г.Н. аттуу жана 1986-жылы туулган, А.С. аттуу жарандарынын арыздары келип түшкөн. Жарандар билдиришкендей, WhatsApp аркылуу белгисиз адам Элчиликтин кызматкери катары өзүн тааныштырып, Мекенине кайтаруу боюнча кыла турган кызмат үчүн акча-каражат сураган. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында, жарандар 60 миң рубль өлчөмүндө материалдык зыян тартышкан. РФнын ИИМнин Бөлүмүнүн кызматкерлеринин КРнын РФдагы ИИМнин Өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында, бул адамдын өздүгү аныкталды. Ал Жалал-Абад облусунда 1997-жылы туулган С.А. аттуу жаран болуп чыкты, социалдык тармактарда, тактап айтканда Instagram жана WhatsApp тармагында "Азамат" деген ат менен КРнын жарандары менен кат алышып, өзүн Элчиликтин кызматкери катары тааныштырып, акчалай сыйлыктын негизинде тизмеге кирүүгө көмөк көрсөтүүнү сунуш кылган. Жарандар анын банктык эсебине акча которушкан. Бул факт боюнча РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (“алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул жаранга карата баш коргоо чарасын аныктоо боюнча маселеси каралып жатат.

Азыркы күнгө карата, Элчиликтин алдындагы коррупцияга каршы Атайын комиссиянын иш-аракеттеринин жыйынтыгында, чартердик авиакаттамдарынын жүргүнчүлөрүнүн тизмесине кошуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн 150 миң рублдан ашык суммадагы каражаттарды талап кылуу тууралуу 8 факт аныкталды. Алардын ичинен 3 факты боюнча кылмыш иштер козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, 5 факт боюнча кылмыш иштерди козгоо тууралуу маселеси каралып жатат.

Элчиликтин алдындагы Атайын комиссия РФнын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу максатында РФнын Ички иштер министрлиги менен тыгыз кызматташууну улантууда.

Элчилик бардык жарандарды жарандык жоопкерчиликти жана абийирдүүлүктү көрсөтүүгө, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана адамдарды мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартуу максатында, жардам көрсөтүүгө жана болгон бардык фактылар боюнча маалымат берүүгө үндөйт. Мекенине жөнөтүү үчүн жүргүзүлүп жаткан тизмеге киргизүү боюнча байланышкан мыйзамсыз аракеттерге кескин түрдө бөгөт коюлат жана күнөөлүүлөр РФнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Ар бир жарандын коррупция жана алдамчылык фактылары боюнча маалыматты Элчиликке, ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу жеке Элчинин блогуна (www.elchi.ru), КРнын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн электрондук дарегине (predstavitelstvomvd@mail.ru) же төмөнкү телефон номуруна: +79268908700 жиберүү мүмкүнчүлүгү бар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Бул үчүн Элчиликке жарандар кайрылып, документтердин (КРнын паспортунун, ооруу тууралуу медициналык маалым каттарынын, кош бойлуу учурда УЗИнин корутундусунун, эгерде жаш баласы болсо: анын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн) көчүрмөлөрү менен өзү арызын жазып, тизмеге киргизилген кезегин күтүү зарыл. Ошондой эле, арыздарды жана документтердин көчүрмөлөрүн Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн электрондук дарегине жиберсе болот: 4992385069@mail.ru.

КРнын жарандарын Мекенине кайтаруу иш-чаралары уланууда. 2020-жылдын 20-мартынан тартып 3-августуна чейин Россиядан Кыргызстанга жалпысынан 22 440 жаран Кыргызстанга кайтты. Россиядан Кыргызстанга 93 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 52 автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз.

Мекенге кайтуу тууралуу ар кандай ушактарга ишенбөөнү жана ар кыл мүнөздөгү чындыкка дал келбеген маалыматтарга алдырбоону, ошону менен бирге мамлекеттик булактарга гана, Элчиликтин сайтына жана Элчинин блогуна жарыяланган такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну өтүнөбүз

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK