2020–ж. 2-сентябрындагы, мыйзамсыз жана алдамчылык фактылары жөнүндө жарандардын арыздарын кароо боюнча Элчиликтин алдындагы атайын комиссиянын ишмердүүлүгүнун аралык жыйынтыктары тууралу маалымат

3335

Мурда кабарлангандай, айрым жарандардын коррупциялык жана алдамчылык кыймыл аракеттеринин алдын алуу жана аларды  жоюу максатында Элчиликтин алдында КРнын  ИИМ РФдагы Өкүлү, милициянын полковниги Жанбаев Н.С. башында турган ар кандай мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча жарандардын арыздарын кароо максатында атайын комиссия түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө, аталган Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн аралык жыйынтыктары боюнча, жарандарды чартердик рейстердин тизмесине киргизебиз деп алдап элден акча чогулткан  12 жарандын 20 алдамчылык фактыларына тийешеси бар экени аныкталды.

Ушул жарандардын кылмыштуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында жабырлануучуларга жалпысынан 435 700 рубль өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилген. Баардык аныкталган мыйзамсыз фактылар Москва шаары боюнча полициянын аймактык бөлүмдөрүндө катталды.

 

Аныкталган фактылар боюнча күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу учун РФ мыйзамдарына ылайык 3 кылмыш иши козголду.

Ал эми 6 факт боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып жатат.

Бирок, тилекке каршы жогоруда аталган 20 факт боюнча жабырлануучулардын көпчүлүгү аларга келтирилген материалдык зыяндардын оордун толтуруп бергенден кийин  өздөрүнүн мурунку берген арыздарынан баш тартышып кайра тосмо арыздарын берип жатышат. Жабырлануучулардын бул кыймыл аракеттеринин жыйынтыгында 11 факт боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш ишин ачуудан баш тартылды. Ушундан улам  күнөөлүлөрдү жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес болуп калды.

Ошол эле учурда, Элчилик көп учурда жарандар алдамчылык фактылары боюнча ооз эки түрүндө билдиришип, бирок белгисиз себептерге байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылуудан баш тартып, Кыргызстанга кетүү зарылдыгына   таянган фактылары арбын кездешип жатканын белгилейт.

 

Элчилик бардык жарандарды жарандык жоопкерчиликти жана абийирдүүлүктү көрсөтүүгө, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана адамдарды мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартуу максатында, жардам көрсөтүүгө жана болгон бардык фактылар боюнча маалымат берүүгө үндөйт.

 

Бүт мыйзамсыз аракеттерге кескин түрдө бөгөт коюулат жана күнөөлүүлөр РФнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Ар бир жарандын коррупция жана алдамчылык фактылары боюнча маалыматты Элчиликке, ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу жеке Элчинин блогуна (www.elchi.ru), КРнын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн электрондук дарегине (predstavitelstvomvd@mail.ru) же төмөнкү телефон номуруна: +79268908700 жиберүү мүмкүнчүлүгү бар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK