22-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысы С.Зас менен жолугушту
Ушул жылдын 22-октябрында, Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысы Станислав Зас менен жолугушту.
Маектешүү региондогу жана жалпы дүйнөдөгү кырдаалга терс таасирин тийгизген маселелерди, ошондой эле ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары боюнча талкуу болду.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалдын турукташуусу жөнүндө кыскача маалымат берип, болуп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгендигин белгиледи.
Р.Казакбаев менен С.Зас ЖККУ форматындагы тышкы саясатты координациялоо жана Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин алдыдагы сессиясын даярдоо маселелерин талкуулашты.