Ушул жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы К.Косачев менен жолугушуусу болуп өттү.

2437

Ушул жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы К.Косачев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартиби боюнча пикир алышуу болду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Р.Казакбаев маектешине Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат берип, учурда өлкөдө кырдаал туруктуу экендигин, саясий процесстер конституциялык талаага кайтып келгендигин белгиледи. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаров башында турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы түзүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары дагы жүктөлгөндүгүн айтты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ишин, анын ичинде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды калыбына келтирүүнү жандандырды.

Министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди аткарууга берилгендигин баса белгилеп, Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жана бекемдөө үчүн артыкчылыктуу маани берерин белгиледи.

Ал, реформаларды жүргүзүү үчүн экономикалык жардам көрсөтүү, COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүүдө жигердүү өз ара аракеттенүүнү улантуу, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамын толук калыбына келтирүү, кызматтардын, капиталдын, товарлардын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүшү үчүн маселелерге токтолду.

Өз кезегинде, Россия тарап жолугушуунун жүрүшүндө стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын духунда жогоруда айтылган маселелерди оң жагына чечүүдө жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Маектешкендер, кыргыз-россия парламенттер аралык кызматташуунун жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча дем берүү үчүн парламенттик дипломатиянын куралдарын колдонууну күчөтүү боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK