Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу жөнүндө маалымат, 2020 жылдын 23-октябры

2489

2020-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын кеңири күн тартиби боюнча пикир алышты.

Эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдардын алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкууланды, ошондой эле пандемиянын жайылышына каршы туруу маселелерин карап чыгышты.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы достуктун, өз ара сый-урматтын жана ишенимдин салттарын мындан ары дагы чыңдоону, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө умтулгандыктарын ырасташты.

Бардык деңгээлдерде тыгыз байланышты сактоо, өз ара пайдалуу саясий диалогду бекемдөө, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, кеңири евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди, ошондой эле аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстанда саясий кырдаал турукташкандыгын, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгенин маалымдады.

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык С.Жапаровду Премьер-минстр кызматына сунуштап дайындаган, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

Министр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кыргыз тарап өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактай тургандыгын жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин так аткарылышын, ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоону жана анын аймагында чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну билдирди.

Коронавирустун жайылышы жана саясий кризис менен байланышкан өлкө үчүн оор мезгилде Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасынын элине көрсөткөн баа жеткис колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Тараптар өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасында 2021-жылы Кайчылаш жылынын жабылыш аземин өткөрүүнү эске алуу менен, дагы көп иш-чараларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

ЕАЭБдин алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары интеграциялоо максатында, Россия тарап Кыргыз Республикасына финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Евразия Стабилдештирүү жана Өнүктүрүү Фондусунун (ЕСӨФ) алкагында 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алууга жардам берүүгө даяр экендигин тастыктады, мурда сүйлөшүлгөн келишимдердин жана макулдашылган шарттардын негизинде.

Россия тарап, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү чечими жөнүндө кепилдик берди, аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыруу нугуна түшүү шарты менен.

Тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргелешип аракет көрүшөт.

Россиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өзүнчө талкуу болду.

Кыргыз тарап баса белгилеп өттү, коронавирус пандемиясы ЕАЭБ мамлекеттеринин эмгек мигранттарын Россия Федерациясында милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) менен камсыз кылуу маселесин эрте чечүү зарылдыгын.

Ошондой эле, учурда Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциялык каттоосу (убактылуу каттоо) маселеси эң көйгөйлүү жана татаал бойдон кала бергендиги белгиленди.

Ушуга байланыштуу Россия тараптын көңүлү Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен Россия Федерациясындагы миграция боюнча Кыргызстандын жарандарын каттоонун эрежелерин жеңилдетүү боюнча мүмкүн болгон чараларды көрүү зарылдыгына бурду.

Эки тараптуу, эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн мурда жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда туруктуу саясий консультацияларды улантуу жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK