Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин төрагасы - Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуусу жөнүндө, ушул жылдын 23-октябрындагы маалыматы

2088

Ушул жылдын 23-октябрында Москва шаарында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Аткаруу комитетинин төрагасы - Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалдын турукташуусу жөнүндө маалымат берип, учурдагы саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгендигин белгиледи.

Маектешүүчүлөр КМШ алкагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы иш-чараларды жогорку жана жогорку деңгээлде даярдоону талкуулашты.

Алар КМШ эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу үчүн популярдуу аянтча бойдон калаарын белгилешти жана Шериктештиктин алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүгө жана ар тараптуу кызматташууга өз ара даяр экендигин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK