2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү А.Эркин Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинде Черногориянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милорад Шчепанович менен жолугушту

2163

2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү А.Эркин Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинде Черногориянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милорад Шчепанович менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-черногориялык кызматташтыктын күн тартиби боюнча пикир алышышты. Эл аралык, аймактык жана интеграциялык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу темаларын талкуулашып, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы туруу маселелерин карап чыгышты.

Бардык деңгээлдерде тыгыз байланышты сактоо, өз ара пайдалуу саясий диалогду чыңдоо, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жайылтуу, ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Учурда Кыргызстанда саясий кырдаал турукташкандыгын, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгенин, президенттик шайлоо, конституциялык реформалар жана парламенттик шайлоо өткөрүү күтүлүп жаткандыгын Кыргыз тарап маалымдады.

Тараптар, Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы достук мамилелерди ар кандай тармактарда өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK