2020-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Красноярск шаарындагы Элчилигинин Кеңсесинин (бөлүмү) Консулу Т.Доронбеков Сибирь Федералдык Университетинин илимий иштери боюнча проректору Барышев Р.А. менен жолукту.

2128

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Красноярск аймагынын ар тараптуу кызматташтыгы жана Сибирь Федералдык Университети менен  Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык маселеси талкууланды.

Аталган окуу жайда 21 институт 3 филиал, 26 000 миңден ашуун студенттер (767 чет элдик), анын катарында 150 кыргызстандык магистранттар жана аспираннттар билим алып жатканын Р.Барышев жолугушуунун жүрүшүндө маалымдадап кетти.

Мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты чыңдап, региондор аралык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен билим берүү долборлорун түзүү боюнча макулдашуулука жетишилди.

Кыргыз тарап азыркы кезде техникалык багыттагы, жогорку денгээлдеги инженер-энергетик, инжененр-куруучу тоо жана тоо технологияларындагы адистерди Россия менен даярдоого өзгөчө басым жасоорун Консул белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK