Мордовияда Кыргыз Республикасынын жараны өлтүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат

2537

Мордовияда Кыргыз Республикасынын жараны өлтүрүлгөндүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарга байланыштуу, Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет:

Россиянын Тергөө комитетинин Мордовия Республикасындагы Тергөө башкармалыгынын Зубово-Полянский райондор аралык тергөө башкармалыгы маалымдайт, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык (ден-соолукка атайылап оор залал келтирүү, натыйжада байкабастыктан жабырлануучунун өлүмү) кылмыш жасаган деп шектелген Торбеево айылынын 33 жаштагы тургунуна кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү 2020-жылдын 6-ноябрына караган түнү эт комбинатында жумушта болгон. Ал жерде 56 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Алардын ортосунда оозеки кагылышуу болуп, анын жүрүшүндө шектүү жабырлануучуну бет жагына урган. Жабырлануучуга тез жардам кызматы чакырылган.

Бирок, медициналык кызматкерлер анын каза болгонун билдиришкен. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу баш мээсинин жабыркагандыгынан улам көз жумган. Тергөөчү тараптан кылмышка шектүү суракка алынган, ал окуяга тиешеси бар экендигин четке каккан жок. Кылмыш ишинде тергөө иш-аракеттери жасалып жатат, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого жана далилдер базасын топтоого багытталган. Тергөө иштери уланууда.

Эт комбинатынын өкүлүнүн айтымында, эт кайра иштетүү комплексинде 1600дөн ашуун адам иштесе, анын ичинен 50 чет элдик жарандар бар. Эки кызматкер тең 2020-жылдын февраль айынан бери иштеп келишкен жана өндүрүштө оң тарапка мүнөздөлүштү. Каза болгон кызматкер аутсорсинг компаниясынын штатында болгон. Сөөктү мекенине жөнөтүү жана туугандарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар көрүлдү.

Элчилик бул кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK