Москвадагы көп кабаттуу үйдүн (Павелецкая метро станциясы) 5-кабатынан кулап кеткен Кыргызстандык кыз жөнүндө, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандыгына байланыштуу, Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

2876

Ушул жылдын 16-ноябрында Элчиликтин юристи медициналык мекемеге келип, анын жүрүшүндө жаракат алган кыз Кыргыз Республикасынын жараны экендиги тастыкталды.

Үй-бүлөлүк кырсыктан улам, кокустан кыз терезеден кулап кеткен.

Аныктама боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны, Баткен облусунда туулган, 17 жаштагы Ж.Т., апасы менен жашайт, Москва районунун Дедовск шаарында окуй тургандыгы аныкталды.

Учурда Кыргыз Республикасынын жараны жандандыруу бөлүмүндө механикалык желдетүүнүн жардамы менен жатат.

Дарыгердин айтымында, кыздын абалы өтө оор (жүрөк менен өпкөсү жабыркаган, бөйрөктүн жарылышы, жамбаш сөөктөрү сынган, баш мээси чайкалган).

Операция талап кылынат. Учурда мекендештердин аракети менен операцияга каражат чогултулуп жатат.

Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK