Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги маалымдайт: Кирүүгө чектөө коюу боюнча чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасынын аймагы боюнча.

2723

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги маалымдайт: Кирүүгө чектөө коюу боюнча чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Казакстан Республикасынын аймагы боюнча.

Инфекциянын жайылышын алдын алуу жана "COVID-19" учурларын минималдаштыруу максатында Казакстанда чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө карата чектөө чаралары күчүндө.

 Буга байланыштуу, Элчилик Кыргызстандын жарандарына дагы бир жолу маалымдап, төмөнкүлөргө көңүлүн бурат.

Россиядан Казакстанга, транспорттук каражаттар менен (автоунаалар, автобустар жана башкалар) Казакстандын аймагы аркылуу өтүү мүмкүн эмес. Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик жүрүүсүнө тыюу салынгандыгына байланыштуу.

Эгерде Россиядан мекенге кайтуу керек болсо, анда Кыргызстандын жарандары аба каттамдарын пайдалана алышат. Учурда Бишкектен Москвага жана артка кайтууга жумасына 2 туруктуу каттамдар бар.

Россиядан Кыргызстанга (Бишкек жана Ош) Россиянын ири шаарларынан (Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут) россиялык жана кыргыз авиакомпаниялардын чартердик каттамдары бар. Жогоруда аталган рейстерге билеттер эркин түрдө, анын ичинде онлайн режиминде сатылат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын мүлкүн жеткирүү үчүн Россиядан Кыргызстанга жүк ташууга (автотранспорт аркылуу), Казакстандын аймагы аркылуу транзитке уруксат берилген.

Ошол эле учурда, бул укукту-эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырган жана тиешелүү уруксат кагаздары бар расмий катталган жүк ташуучулар, транспорттук-логистикалык компаниялар гана пайдалана алышат.

Россиянын аймагында каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын же Кыргызстандын тургундарынын сөөктөрү менен Казакстандын аймагы аркылуу "жүк-200" кыймылы тоскоолдуксуз жүзөгө ашырылат, эгер жүктү жана аны коштоп бараткан адамдарды тиешелүү документтер менен камсыз кылуу менен Кыргызстандын Казакстандагы элчилигин алдын ала кабарлаган болсо.

Эгерде Россиядан Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен "жүк - 200" алып өтүүгө уруксат берүү боюнча суроолоруңуз болсо, анда элчиликтин консулдук бөлүмүнүн 4992385069@mail.ru. электрондук дарегине жазуу жүзүндө кайрылуу жасаңыз.

Кыргыз Республикасынын катуу ооруп жаткан жарандарын Россиядан Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик жол менен өз мекенине жеткирүү казак тараптын алдын-ала макулдугун талап кылат.

Кыйынчылыктардан же кырсыктан сактануу үчүн Казакстандын аймагы аркылуу транзит үчүн атайын тез жардам автотранспорту жана коштоочу дарыгери болушу керек.

Эгерде Россиядан Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен ооруп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын ташуу жол-жоболору боюнча суроолоруңуз болсо, анда элчиликтин консулдук бөлүмүнүн электрондук дарегине кат түрүндө: 4992385069@mail.ru. кайрылуу жөнөтүңүз.

Элчилик кайрадан Кыргызстандын жарандарынан кайрадан суранып өтөт, Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө эч кандай аракет жасабоого чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK