IT Expo 2021 «Connect.KG» ири масштабдуу иш-чара тууралуу маалымат

4264

2021-жылдын 15-19-мартында Бишкек шаарында маалыматтык технологиялар жаатында IT Expo 2021 «Connect.KG» ири масштабдуу иш-чара өтөөрүн  маалымдайбыз.

IT Expo 2021 «Connect.KG» Кыргыз Республикасын дүйнөлүк стартаптар жана санарип бизнес үчүн IT хаб катары тааныштырат. Көргөзмөгө Кыргызстандын,  АКШнын, Улуу Британиянын, ЕСтин, Япониянын жана Түштүк Кореянын алдыңкы IT-компаниялары, ошондой эле инвестициялоо жана кызматташтык боюнча эл аралык өнөктөштөр чакырылды.

Ыкчам өнүгүп келе жаткан тармактардын бири катары, Кыргызстандын маалыматтык технологиялар сектору КМШ жана Борбор Азия чөлкөмүндө өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү көздөгөн эл аралык компаниялар үчүн көпүрө болуп, региондогу модернизациянын жана инновациянын негизги драйвери болууга даяр.

Ушуга байланыштуу, Элчилик америкалык компаниялардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн, ошондой эле IT тармагында иштеген жана Кыргызстандагы ушул тармакка инвестиция салууну каалаган кыргызстандыктарды/ мекендештерди 2021-жылдын 15-19-мартында өтө турган IT Expo 2021 «Connect.KG» иш-чарасына катышууга чакырат.

Компаниялардын катышуусу тууралуу билдирмелерди берүүнүн акыркы мөөнөтү: 20.02.2021-ж. Катышуучулар үчүн: 15.03.2021. Арыздар иш-чаранын вебсайтында кабыл алынат: https://connectkg.com. Жеке компаниялар кошумча суроолор менен BishkekCommerce@state.gov электрондук почтасы аркылуу байланыша алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK