Кыргызстандын АКШдагы элчиси Б.Аманбаев: Мамлекет башчы С.Жапаров өлкөдө жоопкерчиликтүү бийлик системасын орнотуп, атуулдарга шайланууга жана шайлоого болгон укуктарын кайтарып берди

2685

2021-жылдын 9-октябрында  Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев баштаган элчиликтин кызматкерлери Огайо штатына жумушчу иш сапары барышты. Иш сапары учурунда Бакыт Аманбаев аталган  штатта жашаган мекендештер менен жолугушуп,  алардын суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев мекендештерди Кыргыз Республикасында соңку жылы оорун алган Конституциялык реформа жана шайлоо кодексин өзгөртүүнүн мазмуну менен кенен тааныштырды. Мамлекет башчы С.Жапаров Конституциялык реформаны ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасында соңку он жыл бою улантылган баш аламандыкты токтотуп,  өлкөдө жоопкерчиликтүү бийлик системасын орнотуп, атуулдардын партиялык лидерлерден көз карандысыз түрдө өз талапкерлигин көрсөтүп, шайланууга жана өздөрү каалаган талапкерин тандоого болгон укуктарын кайтарып бергендигин маалымдады. Жаңы шайлоо мыйзамынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 120 дан 90 кыскарып, атуулдар мурдагыдай партия лидерлерине жалдырабай, кааласа бир мандатуу округдардан кааласа партиялык тизме менен парламенттик шайлоого катыша алышаарын түшүндүрдү. Андан соң атуулдардын ар түрдүү суроолоруна жооп берип, мекендештерди алдыда болуучу парламенттик шайлоого активдүү катышууга үндөдү. 

Ушул эле күндөрү элчиликтин кызматкерлери тарабынан  Огайо штатында жашап иштеген  атуулдарга консулдук кызмат көрсөтүлдү: жалпы жарандык паспортторду алмаштыруу/берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, мекенине кайтып баруу жөнүндө күбөлүктү берүү, консулдук каттоодон өтүү жана ар кандай нотариалдык документтерди менен камсыз кылуу сыяктуу иш чаралар аткарылды. Мындан тышкары, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуунун  тартиби жөнүндө толук маалыматтар берилип, атуулдардан биометрикалык маалыматтар чогултулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK