Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Болот Отунбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Дестро менен адам укуктары жана акыйкаттык маселелерин талкуулады

5507

2020-жылдын 11-майында Америкалык тараптын демилгеси менен, АКШдагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Болот Отунбаев АКШнын Мамлекеттик катчынын адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча жардамчысы Роберт Дестро менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин келечеги, анын ичинде COVID-19 эпидемиясынын фонунда, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгынын мүмкүн болгон биргелешкен багыттары талкууланды.

Тараптар Кыргызстандын региондогу демократияны жана адам укуктарын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, ушул багыттар боюнча эки тараптуу диалогду өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK