Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

5613

Урматтуу мекендештер,


     Кыргыз Республикасындагы кооптуу эпидемиологиялык кырдаалга жана медициналык багыттагы буюмдардын жетишсиздигине байланыштуу, биз медициналык жабдуулар жана керектүү медициналык буюмдары менен камсыз кылуу үчү бардык иш-аракеттерди көрүп жатабыз.
Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилиги дагы бир жолу АКШнын Мамлекеттик департаментине, АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигине, бир катар эл аралык уюмдарга жана ассоциацияларга Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
     Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Элчилик АКШдагы жана Канададагы мекендештерибизге COVID-19 пандемиясынын шартында Кыргыз Республикасында медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу шаймандары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү  тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирет. Мындан тышкары, учурда АКШ жана Канададагы мекендештерибиз Кыргыз Республикасына дагы жардам көрсөтүү максатында ар кандай кайрымдуулук интернет-сайттары аркылуу каражат топтоону улантууда. Ушул себептен Элчилик мекендештерибиздин кыргыз медициналык кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү аракеттерин колдоону суранат.
      Элчилик коронавируска каршы күрөшүү үчүн ыктыярдуу жана гранттык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине өткөрүп берүү үчүн төмөнкү реквизиттерде (АКШ долларында) акча каражаттарын которсо болоорун эскертет: 

Correspondent Bank

Federal Reserve Bank of New York, New York, USASWIFT: FRNYUS33

Beneficiary bank

National Bank of the Kyrgyz Republic, Bishkek, Kyrgyz Republic, 168, Chui Str., 720040 Bishkek, Kyrgyz Republic SWIFT BIC: NBKIKG22 Correspondent account number: 0210-8671-5

Beneficiary

Central Treasury of the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic

Beneficiary account

№ 1013350100590106

     Ошондой эле АКШдагы жана Канададагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнө жумушсуз калган мекендештерибизге, учууларды убактылуу токтотконуна байланыштуу Кыргыз Республикасына кайтып келе албай жүргөндөргө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык терең ыраазычылык билдиребиз.
     Коронавирустун жайылышына байланыштуу Өкмөт жана Элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты веб-сайттан жана Элчиликтин социалдык тармактардагы баракчаларынан (Facebook, Twitter, Instagram) табууга болот, ал жерде ошондой эле өзгөчө кырдаалга кабылган учурдан байланышка чыгуу үчүн кызматкерлердин байланыш маалыматы бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK