2021-жылдын 1-2-майы Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү тууралуу

3539

Кыргыз-Тажик чек арасында куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын элесине байланыштуу, 2021-жылдын 1-2-майы Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланган. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигинде мамлекеттик желек түшүрүлдү.

Ошондой эле Элчиликте, АКШда аккредиттелген чет мамлекеттердин бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана эл аралык уюмдар үчүн көңүл айтуу китеби ачылды.

Учурдагы эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу көңүл айтуу сөздөрү Элчиликтин расмий электрондук дарегине да кабыл алынууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK