Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев 5-Транскаспий форумуна катышты

3632

9-июнь 2021-жылы Вашингтондо Каспий Саясат маселелери боюнча борбору (Вашингтон) уюштурган 5-Транскаспий форуму болуп өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев катышты.

Форумдун курамына Афганистандын, Азербайжандын, Грузиянын, Казакстандын, Өзбекстандын элчилери, ошондой эле Түркиянын дипломатиялык миссиясынын өкүлү кирген.

Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катарына Улуттук Коопсуздук Кеңешинин, Мамлекеттик департаменттин, Соода департаментинин жана АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (USAID) кызматкерлери кирди.

Иш-чаранын негизги темасы - эл аралык соода-экономикалык ишмердүүлүктүн маселелери, Транскаспий регионунун, анын ичинде Борбордук Азия, Түштүк Кавказдын дүйнөлүк экономикалык тутуму менен өлкөлөрүнүн инфраструктуралык өз ара аракеттенүүсү. Форумдун катышуучуларынын өзгөчө көңүлү Ковид-19 глобалдык пандемиянын шартында катышуучу өлкөлөрдүн экономикасын калыбына келтирүү көйгөйлөрүнө бурулду.

Б.Аманбаев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргызстан, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү сыяктуу эле, глобалдык пандемиянын бардык терс кесепеттерин сезип, дагы деле болсо экономикалык чөйрөдө катуу соккуларды башынан өткөрүп жатат, бул элдин жашоосуна жана макроэкономикалык көрсөткүчтөргө терс таасирин тийгизип жаткандыгын белгиледи. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы өзүнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, соода-экономикалык чөйрөдө тышкы кызматташуунун жаңы жолдорун издөө үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.

"Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн тарыхый жактан бириктирген Улуу Жибек Жолу биздин бардыгыбызга Борбор Азия жана Каспий чөлкөмүнүн өлкөлөрүнүн соода жолдору жана байланыштары кандайча жана кайда өнүгүшү керектиги жөнүндө түрткү берет" деп баса белгиледи Кыргызстандын өкүлү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK