Элчи Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) жана Тынчтык корпусунун биргелешкен делегациясы менен жолугушту

2672

 

2021-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) жана Тынчтык корпусунун биргелешкен делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары Анжали Каур баштаган делегциянын мүчөлөрү азыркы учурдагы Кыргызстанда билим тармагында АКШнын ар кандай органдары тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири маалымат беришти.  

Элчи Б.Аманбаев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан билим жаатындагы долбоорлордун натыйжалуулугун күчөтүүнү сунуштап аларды жакшыртуу боюнча өз сунушун киргизди. Ошондой эле Элчи эки өлкөнүн кызматташтык деңгээлин арттыруу үчүн билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгын баса белгилеп, бул багыт боюнча конкреттүү сунуштарын ортого салды.  

Америкалык тарап элчи Б.Аманбаев тарабынан сунушталган конкретүү долбоорду колдоп, аны ишке ашыруу боюнча кошумча биргелешип иш алып барууну макулдашты.

 Маалымат үчүн: USAID - Өнүгүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык агенттик. Аталган агенттик АКШнын Өкмөтү тарабынан каржыланып, дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн сактоо, жакырчылыкты азайтуу, демократиялык башкарууну чыңдоо, табигый кырсыктарды жою, жардамга муктаж өлкөлөрдүн ар кандай гуманитардык кризистерден чыгуусуна көмөктөшүү багытында ири долбоорлорду ишке ашырат. 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK