Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы Элчилиги АКШнын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн Кыргызстан тууралуу презентация уюштурду

4392

2019-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчиликтин кызматкерлери орус тилин үйрөнүп жаткан АКШнын Мамлекеттик департаментинин, АКШнын Коргоо министрлигинин жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө америкалык тараптын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди, ошондой эле Кыргызстан боюнча буклеттер таратылды.

Диалог учурунда жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги секторлору, тарыхы, маданияты жана билим берүү системасы тууралуу кызыккан суроолору боюнча жооп алышты.

USAID программасынын менеджери Ненад Филипович АКШнын келечекте дипломатия, коопсуздук жана өнүгүү тармактарында иштей турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү орус тилин тажрыйбалоо жана кыргыз элинин маданий өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматын кеңейтүүгө багытталган бул жолугушууну уюштурганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK