Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту

671

2023-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу жана көйгөйлүү маселелери жана натыйжалуу кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Дональд Лу өз сөзүндө АКШ тарап эки өлкөнүн көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун чыңдоого багытталган эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экендигин  жана ага даяр экендигин билдирди. 

Ал эми Элчи Бакыт Аманбаев өз сөзүндө Украинадагы согуштан жана Орусияга карата кабыл алынган эл аралык санциялардан улам тилекке каршы соңку бир нече жыл бою түзүлгөн Кыргызстандык компаниялардын кыргыз элине керектүү товарлар менен камсыз кылуу механизими бузулгандыгын белгилеп, мындай көрүнүш өз мегилинде Кыргызстанда олуттуу социалдык экономикалык көйгөйлөрдү жараткандыгын белгиледи. 

Элчи Б.Аманбаев 2023-жылы кыргыз-америка кызматташтыгын бекемдөө боюнча иш-чараларды өткөрүү боюнча өз көз карашы жана конкреттүү сунуштары менен бөлүшүп, АКШ га болгон туристик визанын убактысын беш жылдан он жылга узартууну жана кыргыз жарандарынын АКШ визасын алууну жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Д.Лу кыргыз Президенти Садыр Жапаровдун соңку отуз жылда ишке ашпай келген регоналды деңгээлдеги ири долбоорлорду демилгелеп жана аны ишке ашырып жаткан  аракеттерин жогору баалап, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну толук колдоорун билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Д.Лу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн туристтик визанын мөөнөтүн 10 жылга чейин жогорулатууга макул экендигин жана аны ишке ашыруу мүмкүн экендигин ал үчүн кандай аракеттерди жасоо зарылдыгы тууралуу өз сунушун ортого салды. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK