Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын жаңы орун басары Джон Поммершайм менен жолугушту

304

2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу жана көйгөйлүү маселелери жана натыйжалуу кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар биринчи кезекте эки өлкөнүн көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун чыңдоого багытталган эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экендигин  жана ага даяр экендигин ырасташты.

Элчи Б.Аманбаев 2023-жылы кыргыз-америка кызматташтыгын бекемдөө боюнча иш-чараларды өткөрүү боюнча өз көз карашы жана конкреттүү сунуштары менен бөлүштү. АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшоого даяр экенин дагы бир жолу билдирди.

АКШ га болгон туристик визанын убактысын беш жылдан он жылга узартууну жана кыргыз жарандарынын АКШ визасын алууну жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Д.Лу кыргыз Президенти Садыр Жапаровдун соңку отуз жылда ишке ашпай келген регоналды деңгээлдеги ири долбоорлорду демилгелеп жана аны ишке ашырып жаткан  аракеттерин жогору баалап, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну толук колдоорун билдирди.

Элчи Аманбаев учурдан пайдаланып кесиптешине жооптуу кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK