Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Вашингтондогу “Open World Leadership Center” борборунун аткаруучу директору Жейн Саргус айым менен жолугушту

381

Ушул жылдын 15-мартында Элчи Б.Аманбаев «Open World Leadership Center» лидерлик борборунун аткаруучу директору Жейн Саргус айым менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын элчиси Бакыт Аманбаев  Кыргызстандагы соңку жылдары Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен ишке ашырылган саясий реформалардын маңызын түшүндүрүп, өлкөдө оорун алган саясий окуялар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле Бакыт Аманбаев аталган борбор тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын адистик билимин жогорулатуу жана демократиялык институттарды бекемдөө максатында ишке ашырып жаткан иш чаралары үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуу учурунда элчи мырза Кыргыз Республикасы менен менен АКШ Конгрессинин ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгилеп, АКШнын конгресс мүчөлөрүнүн арасында «Кыргызстандын достор тобун» түзүү зарылчылыгы тууралуу пикир айтып, аны ишке ашыруу максатында өз сунуштарын ортого салды.

Өз кезегинде Жейн Саргус айым ал жетектеген борбордун өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди жакшыртуунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берип, өз пландары менен бөлүштү. Ошондой эле америка тарап өлкөдөгү мыйзамдуулук, агроөнөр жай, соода жана экономикалык өз ара байланыштарды күчөтүү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн катышуусунда 2023-жылга карата Борбор тарабынан кабыл алган  иш чаралары тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында Б.Аманбаев өз ара маалымат алмашуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн адистигин чыңдоо жана ар кандай экономикалык программаларды пландаштырууда кыргыз тараптын каалоолорун эске алуу максатында атайын түз жумушчу диалогду түзүүну сунуштады. Америка тарап элчинин айткандарын жылуу кабыл алып, тараптар келечекте эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртуу боюнча биргелешип иш алып баруу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK