АКШ менен Борбордук Азия ишкерлеринин кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

211

2023-жылдын 27-ноябрында Вашингтон шаарында АКШ менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ишкерлеринин ортосундагы өз ара кызматташтыкты жакшыртууга арналган жыйын өткөрүлдү. Аталган жыйын АКШнын Соода палатасынын алдындагы Эл аралык жеке ишкердик борбору тарабынан уюштурулду. Ага АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Борбордук Азия мамлекеттеринин АКШдагы элчилери катышышты.

Алгач АКШнын Эл аралык жеке ишкердик борбору келечекте АКШ менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ишкерлеринин ортосундагы өз ара кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү максатындагы конкретүү пландары менен бөлүшүштү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укутуу Элчиси Б.Аманбаев да сөз сүйлөп, бул багыттагы өз сунуштары менен бөлүштү. Б.Аманбаев Борбордук Азия регионунун жана АКШнын ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн биринчи кезекте төмөндөгүдөй 3 нерсени чечүүнү: Борбордук Азия өлкөлөрүндө өндүрүлгөн айыл чарба товарларын АКШнын базарларына эркин сатылуусуна толук шарттарды түзүүгө жетишүү үчүн GSP+ программасынын мөөнөтүн узартууну, Кыргыстандын банктарынын АКШнын банктары менен корреспонденттик эсеп ачуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө көмөктөшүүнү жана Атайын каржылоо фондун ачып, элге керектүү делинген маанилүү жана реалдуу экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жетишүүнү сунуштады.

Жыйындын катышуучулары Элчинин сунуштары маанилүү экендигине токтолушуп, аны ишке ашырууга ар тараптуу көмөктөшүүгө жана бул багытта биргелешип иш алып барууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK