АКШнын Мамлекеттик департаментинде майып адамдардын укуктарын коргоо жана көйгөйлөрүн чечүү маселеси талкууланды

207

2023-жылдын 11-ноябрында АКШнын Мамлекеттик департаментинде С5+1 форматындагы кызматташтыкка кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан жыйын өткөрүлдү. Жыйында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо жана алардын көйгөлөрүн чечүү маселеси талкууланды. Жыйынга Америка Кошмо Штаттарынын президентинин майыптардын эл аралык укуктары боюнча кеңешчиси Сара Минкара, АКШнын Мамлекеттик катчысынын катчынын жардамчысы Дональд Лу , АКШнын мамлекеттик катчысын жардамчысынын орун басары Дж.Поммершейм жана башка расмий адамдар катышышты. Ошондой эле бул жыйынга Өзбекстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Казакстандын АКШдагы Толук ыйгарым укуктуу элчилери катышып сөз сүйлөштү.

Алгач сөз алган АКШнын Президентинин кеңешчиси С.Минкара өзүнүн жеке тарыжрыйбасы менен бөлүшүп, майыптардын укуктарын корголушун камсыз кылуу боюнча конкреттүү практикалык сунуштары менен бөлүштү.

Аталган жолугушууда Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канадагы элчиси Б.Аманбаев сөз сүйлөп, катышуучуларга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо жаатында Кыргыз Республикасында көрүлүп жаткан иш чаралар, демилгелери жана артыкчылыктуу багыттар
тууралуу маалымат берди. Ошондой эле элчи мырза C5+1 мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган Биргелешкен Декларацияда жазылган иш чараларды биргелешип иш жүзүнө ашыруу зарылдыгын белгилөө менен майып адамдардын коомго толук аралашуусуна жеткиликтүү шарттарды түзүү, алардын орто жана жогорку билим алып жумушка орношуна мыйзамдуу чараларды түзүү зарылдыгы жана майып адамдар тууралуу коомчулуктун арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча конкреттүү сунуштары менен бөлүштү. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Д.Лу көп тараптуу форматта майыптардын укуктары маселеси боюнча С5+1 форматында кызматташууну биргелешип жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын соңунда анын катышуучулары келечекте бул багытта биргелешип иш алып баруу тууралуу макулдашышты

  • АКШнын Мамлекеттик департаментинде майып адамдардын укуктарын коргоо жана көйгөйлөрүн чечүү маселеси талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK