USAID менен кызматташуу багыттары талкууланды

241

2023-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик департаментинин USAID агенттигинин администраторунун жардамчысынын орун басары Анджали Каур менен жолугушуп келечектеги кызматташуу багыттарын талкулады.

Алгач Анжали Каур USAID тарабынан акыркы жылдары Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан долбоорлор, келечекте аткарыла турган пландар тууралуу маалымат берип, КР Өкмөтү менен биргеликте ишке ашырыла турган багыттарды атады.

Элчи Бакыт Аманбаев USAID агенттигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу учурдун негизги талабы жана Кыргыз Республикасынын расмий бийлигинин каалоосу экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле бул максатка жетүү боюнча өз сунуштары менен бөлүштү. Алгач Бакыт Аманбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында акыркы жылдары республикада жана регионалдык деңгээлде аткарылган иш-чаралар жана долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Андан соң USAID агенттигине Бишкектин абасын тазалоо боюнча долбоорду ишке ашыруу, кыргыз жаштарына англис тилин үйрөтүүнү күчөтүү боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жана Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртууга көмөктөшүү максатында долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Бакыт Аманбаев ошондой эле Кыргызстанда маалыматтык технологияларды өнүктүрүү багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштары менен бөлүштү.

Жолугушуу достук маанайда өтүп, тараптар кызматташтыкты өркүндөтүү жана келечекте биргелешип иштөө боюнча макулдашышты.

  • USAID менен кызматташуу багыттары талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK