Текстиль тармагына жаңы технологиялык жабдууларды сатып алуу маселеси талкууланды

213

 

2024-жылдын 18-январында америкалык “COLOURizd” компаниясынын жетекчилиги менен Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Онлайн жолугушууну Кыргызстандын АКШдагы Элчилиги уюштурду.
Жолугушууда Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы Элчиси Бакыт Аманбаев Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыты катары тигүү жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал бул тармакты колдоо боюнча өкмөт тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат бердип, өз сөзүндө Кыргызстандын жеңил өнөр жайын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негизги шарттарга токтолуп, америкалык тарапты активдүү кызматташууга чакырып, кыргыз ишкерлеринин жаңы технологиялык жабдууларга муктаждыгын белгиледи.
COLOURizd компаниясынын вице-президенти Питер Джонс өз компаниясын тааныштырып, жеңил өнөр жайда акыркы технологиялык жабдууларды колдонуу жана анын артыкчылыктары боюнча кенен маалымат берди. Жолугушуу учурунда америкалык тарап кыргызстандык компанияларга өз продукцияларын тышкы рынокко чыгарууда көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
«Текстилтранс» ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдраев да өз ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Эки компаниянын өкүлдөрү өнөктөштүктү тереңдетүү жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK