2022-жылдын 19-сентябры Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

1405

     Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын   19-сентябрындагы жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек арасындагы кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу кагылыштан улам каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн Кыргыз Республикасында Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
     2022-жылдын 19-сентябрында саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 13:00дөн 16:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинде көңүл айтуу китеби ачык. Ошондой эле көӊүл айтуу каттарын Элчиликтин төмөнкү электрондук дарегине жөнөтсөӊүздөр болот: kgembassy.hu@mfa.gov.kg.
    Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги каза болгондордун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK