Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 2022-жылдын 11-августунан 14-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өткөрүлдү.

970

Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 2022-жылдын 11-августунан 14-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өткөрүлдү.

Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы жана майрамдык гала-концерт Мажарстандын борборунда 2022-жылдын 11-августунда Будапешттин музыкалык борборунда өттү.

29 адамдан турган кыргыз делегациясын КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов жетектеп келди. Мажарстандан тараптан Мажарстандын парламентинин вице-спикери Шандор Лежак башчылык кылды.

Маданият министри А.Жаманкулов куттуктоо сөзүндө “Кыргызстан менен Мажарстан жөн гана дос, ишенимдүү өнөктөш жана союздаш эмес, түрк элдеринин түпкү биримдигине негизделген боордош элдер жана кыргыздар менен венгрлердин жалпы тарыхы бар” экенин белгиледи.

Өз кезегинде Мажарстан парламентинин вице-спикери Ш.Лежак өзүнүн куттуктоо сөзүндө анын жакында эле Кыргыз Республикасына болгон иш сапарын баса белгилеп, ошондой эле Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы мамилелерде «тууганчылык жана ишенимдин жогорку даражасына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Расмий конок катары ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы С.Раев, Мажарстандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министерствосунун өкүлдөрү, чет мамлекеттердин Мажарстандагы элчилери, Будапешттеги эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана достору, ошондой эле Венгрияда жашаган кыргызстандыктар чакырылды.

Кеченин алкагында КР эл артисттери менен «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Мындан тышкары, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин көргөзмөсү тартууланды.

Маданият күндөрүнүн жабылышы 2022-жылдын 14-августунда Бугац шаарында майрамдык гала-концерт менен аяктады.

Ошондой эле кыргыз чыгармачыл делегациясы түрк жана хунн элдеринин Курултайына катышты. Иш-чараны Мажарстан парламентинин спикери Ласло Кевер ачты. Чакырылгандардын арасында Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Б. Йылдырым, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Б Амреев, Мажар парламентинин спикери Ш.Лежак, ТүркПАнын башкы катчысы М.Сурея Эр жана  ТҮРКСОЙдун башкы катчысы С.Раев болду.

Курултайдын алкагында “Мадьярлар+Чыгыш” пленардык жыйыны өтүп, анда КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов, ошондой эле түрколог, филология илимдеринин доктору, профессор К.Конкобаев чыгып сөз сүйлөштү.

Маданият күндөрүнӊн салтанаттуу ачылышынын алдында Мажарстандын массалык маалымат каражаттары аркылуу кеӊири чагылдырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK