2022-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарындагы Юнус Эмре институтунун Түрк маданият борборунун директору Мустафа Айдогду менен жолугушту.

910

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Т.Кушчубеков Кыргызстан менен Венгриянын учурдагы кызматташтыгына, атап айтканда, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкка, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы маданий өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн келечегине жана пландарына кыскача токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Юнус Эмре институтунун түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүдө жана чыңдоодо чоң ролу белгиленип, маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн Элчилик менен аталган уюмдун ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тактап айтканда, М.Айдогду түрк уюмдары менен Венгриянын ортосундагы достукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK