2023-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков, Түрк мамлекеттер уюмунун Будапешт шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн Мажрастандагы элчилери, ошондой эле “Stipendium Hungaricum” стипендиялык программасы боюнча билим алып жаткан түрк тилдүү өлкөлөрдүн студенттери катышты. Иш-чаранын алкагында элдик ырлар менен коштолгон концерт тартууланып, майрамдык дасторкон даярдалды.
2023-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков, Түрк мамлекеттер уюмунун Будапешт шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн Мажрастандагы Элчилери, ошондой эле “Stipendium Hungaricum” стипендиялык программасы боюнча билим алып жаткан түрк тилдүү өлкөлөрдүн студенттери катышты.
Иш-чаранын алкагында элдик ырлар менен коштолгон концерт тартууланып, майрамдык дасторкон даярдалды.