Кыргыз Республикасынын БУУнун астындагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева Эл аралык тоолор күнүнө арналган иш-чарага катышты

3355

2020-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын БУУнун  астындагы Туруктуу өкүлчүлүгү, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын кеңселеринин жардамы менен, тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун атынан Эл аралык тоолор күнүнө карата салттуу иш-чара өткөрдү. Бул иш-чаранын негизги максаты тоолуу мүчө мамлекеттер менен БУУнун тиешелүү институттарынын ортосунда диалогду өнүктүрүү болду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөндөр Андорра, Австрия, Непал, Тажикстан жана Швейцариянын туруктуу өкүлдөрү болушту. Ошондой эле, Бутан менен Грециянын туруктуу өкүлдөрү тарабынан айрым комментарийлер берилди. Өзүнчө билдирүүлөрүн БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Лю Чжэнмин, Өнүктүрүү программасынын администраторунун жардамчысы Мириана Сполярич-Эггер, Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директорунун орун басары Мария-Елена Семедо, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы - БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын кеңсесинин башчысы Сатя Трипати жасашты. Андан тышкары, иш-чарада Альп конвенциясынын Катчылыгынын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча Пиреней обсерваториясынын жогорку өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Мындан тышкары, иш-чарада Эл аралык тоо-кен иштерин комплекстүү өнүктүрүү борборунун жана Колумбия университетинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өз сөзүндө жаратылыш байлыктарын тең салмактуу пайдалануу менен тоолуу өлкөлөрдүн эпидемия, табигый кырсыктардын жайылышын ооздуктоо үчүн негиз катары биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо зарылдыгын билдирди. Ошондой эле ал БУУнун тоолуу мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн кайталап, тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн принциптерин илгерилетүү боюнча учурдагы жана жаңы демилгелерди алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2021-жылдагы 75-сессиясынын жүрүшүндө “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору” деген жаңы резолюциянын долбоорун сунуштоо ниети жөнүндө маалымдады.

Ошол эле учурда иш-чаранын бардык баяндамачылары жана катышуучулары тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча мүчө мамлекеттер менен БУУнун институттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү Кыргыз Республикасынын негизги ролун баса белгилешти. Тактап айтканда, расмий эмес Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобун түзүү демилгеси белгиленип, ал баяндамачылардын айтымында, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоонун негизги аянтчаларынын бири болуп калганы белгилүү болду. Катышып жаткан БУУнун институттарынын жана регионалдык уюмдарынын өкүлдөрү ушул топ жана айрыкча Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Ошол эле күнү, Кыргыз Республикасынын БУУнун астындагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Рим шаарында Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун штаб-квартирасы тарабынан уюштурулган ушул сыяктуу иш-чарага катышып, анда тоолуу мамлекеттердин достору тобунун жана БУУнун кызыкдар институттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сөз сүйлөдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK