Кыргыз Республикасынын БУУга караштуу Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева 29-апрелден тартып 10-майга чейин Ядролук куралдарды таратпоо шарттары (ЯКТШ) келишиминин 2020-жылдагы иш-аракеттерин талкуулоо боюнча конференцияны даярдоо комитетинин Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан үчүнчү отурумунун жалпы дебатынын жүрүшүндө сөз сүйлөдү

5951

2019-жылдын 1-майында  Кыргыз Республикасынын БУУга караштуу Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева 29-апрелден тартып 10-майга чейин  Ядролук куралдарды таратпоо шарттары (ЯКТШ) келишиминин 2020-жылдагы иш-аракеттерин талкуулоо боюнча конференцияны даярдоо комитетинин Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан үчүнчү отурумунун  жалпы дебатынын жүрүшүндө сөз сүйлөдү.
М.Молдоисаева, өз сөзүндө, Кыргыз Республикасы  ядролук куралсыздануу жана аны жайылтпоо  келишимин ядролук куралсыздануу жаатындагы  эң олуттуу жана натыйжалуу эл аралык инструмент катары эсептээрин айтып өттү. Ошону менен бирге,    Кыргыз Республикасы глобалдык куралсыздануу жана аны жайылтпоо максатында  туруктуулукту сактаарын,  ядролук курал колдонбогон эркин дүйнөнүн активдүү тарапташы экенин баса белгиледи. 
Мындан тышкары, Туруктуу өкүл Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда ядролук куралдан эркин аймактын (ЯКЭА) курулушу өтө маанилүү экенин белгилей кетти. М.Молдоисаева Борбордук Азия ядролук куралсыз эркин аймак жөнүндө келишим ядролук куралдарды жайылтпоо жана эл аралык коопсуздукту камсыздоо режимин бекемдөө багытында жасалган эң маанилүү кадамдардын бири экенин, ядролук энергияларды тынчтык багытында колдонууну жана радиоактивдүү булгануулардан жабыркаган аймактарды экологиялык жактан кайра калыбына келтирүү  жаатында кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
М.Молдоисаева өз сөзүндө, Кыргызстан уранды казып алууда анын экологияга тийгизген таасирине олуттуу маани берээрин айтты. Буга байланыштуу, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында Кыргыз Республикасы тарабынан «Борбордук Азияда радиациялык коркунучтардын алдын алууда эл аралык  коомчулуктун ролу» аттуу 73/238 резолюциясын демилгелеп чыккан. Бул резолюцияда уран өндүрүүдөн жабыркаган чөлкөмдөрдү кайра калыбына келтирүү өтө маанилүү экени баса белгиленген жана Борбордук Азияда радиоактивдүү жана уулуу заттардын калдыктарын коопсуздукта кармап туруунун натыйжалуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгы баса белгиленген. 
Муну менен катар, М.Молдоисаева  өз сөзүндө, ядролук куралсыздануу жана аны таратпоого көмөктөшүү максатында атайын адистерди кесипке даярдоонун ролу тууралуу маанилүү маселеге катышуучулардын көңүлүн бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK