2019-жылдын 25-июлунда БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумунда Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук жѳнүндѳ Келишим уюмунда (ЖККУ) тѳрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу Ѳкүлчүлүгүнүн жетекчилиги астында БУУга мүчѳ-мамлекеттерин¬¬¬¬ин делегациялары менен иштеп чыгуусу жүргүзүлгѳн “Бириккен Улуттар Уюму менен Жамааттык коопсуздук жѳнүндѳ Келишим уюмунун ортосундагы Кызматташтык” аттуу резолюциясы консенсус аркылуу кабыл алынды

5945

2019-жылдын 25-июлунда БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумунда Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук жѳнүндѳ Келишим уюмунда (ЖККУ) тѳрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу Ѳкүлчүлүгүнүн жетекчилиги астында БУУга мүчѳ-мамлекеттерин­­­­ин делегациялары менен  иштеп чыгуусу жүргүзүлгѳн “Бириккен Улуттар Уюму менен Жамааттык коопсуздук жѳнүндѳ Келишим уюмунун ортосундагы Кызматташтык” аттуу резолюциясы консенсус аркылуу кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу Ѳкүлү М.Молдоисаева, резолюциянын долбоорун тааныштыруу менен жана ЖККУга баардык мүчѳ-мамлекеттеринин атынан сүйлѳп жатып, ЖККУнун баардык мүчѳ-мамлекеттери үчүн тышкы саясаттын фундаменталдык принциптеринин бири болуп эл аралык мамилелеринин заманбап системасында БУУ ойногон борбордук ролунун таануусу эсептелинерин, БУУ жана ЖККУ туруктуу түрдѳ маалымат менен алмашуу, сапарларды уюштуруу, конференцияларда катышуу жана окуу иш чараларын ѳткѳрүү алкагында маселелеринин кеңири чѳйрѳсүндѳ натыйжалуу ѳз ара аракеттенгендигин белгиледи. Ошондой эле, БУУ жана ЖККУнун кызматташтыгынын күн тартиби ар тараптуу жана анын алдында турган маселелеринин чечилиши үчүн актуалдуу экендиги тууралуу да белгиленди. Ал эми ѳз ара түшүнүшүү деңгээли ЖККУнун эл аралык уюмдар менен мамилелери үчүн эталондук деп эсептѳѳгѳ мүмкүндүк берүүчү ѳз ара түшүнүшүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK