2020-жылдын 8-майында БУУнун Коопсуздук Кенешинин Ария форматындагы «Европада Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына 75 жыл» аттуу виртуалдык отурум өттү. Отурумга БУУнун 60тан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева катышты

4307

2020-жылдын 8-майында БУУнун Коопсуздук Кенешинин Ария форматындагы «Европада Экинчи дуйнөлук согуштун аякташына 75 жыл» боюнча виртуалдык отурум өттү. Отурумга БУУнун 60тан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева катышты.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева, быйыл эл аралык коомчулук дүйнөнүн элдери үчүн ХХ кылымдын эң чоң трагедиясы болгон Экинчи Дүйнөлүк Согуштун бутконуно жетимиш беш жыл мааракеси белгиленип жаткандыгын баса белгиледи. Советтер Союзунун анын ичинде Кыргызстандын миллиондогон жарандары, адамзаттын жана дүйнөлүк цивилизациянын келечегин сактоо үчүн, өз өмүрлорун  беришкен. Биздин милдетибиз - адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу согуш жөнүндө, чындыкты кылдаттык менен сактоо жана укумдан-тукумга өткөрүп берүү.

Ушуга байланыштуу, Миргүл Молдоисаева, эл аралык коомчулук тарыхый чындыкты сактоо жана бекем коргоо, ошондой эле нацизм идеологиясын жандантуу аракеттерине каршы биримдик керектигин белгиледи.

М. Молдоисаева ошондой эле, Кыргыз Республикасы БУУнун - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, мүчө мамлекеттердин ортосунда тең укуктуу диалогду илгерилетүү боюнча жалгыз универсалдуу эл аралык уюмдун маанилүү ролун, толугу менен колдой тургандыгы белгиленди. Эл аралык коомчулук үчүн ушул оор мезгилде, Кыргыз Республикасы, Бириккен Улуттар Уюмунун, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, өнүгүү маселелерин чечүүдө кызматташуу, жакырчылыкты кыскартуу, адам укуктарын урматтоо, айлана-чөйрөнү коргоо, илдеттерге каршы күрөшүү, анын ичинде COVID-19 пандемияга жооп беруу, маселелерин чечүүдө, маанилүү ролун толугу менен колдойт.

Чыр-чатактарды эл аралык укукка жана Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына жана принциптерине ылайык, тынчтык жолу менен чечүү - азыркы жана келечек муундарды жаңы согуштардын курчоосунан коргоонун бирден-бир жолу экендиги белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK