Укуктук базасы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен САПнын ортосундагы Башкы келишим (2014-жылдын 8-январында кол койулган)

Кол койулган Келишимдердин саны – 5:

  • Эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн имараттарды куруу үчүн жер алмашуу тууралуу келишим 2014-жылдын кол койулган.
  • Кирешеге салык салуу жаатында кош салык төлөбө жөнүндө Сауд Арабия Падышачылыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү ортосундагы келишим 2014-жылдын 2-декабырында кол койулган.
  • Сауд Арабия Падышачылыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү ортосундагы аба каттамы боюнча келишим 2014-жылдын 2-декабырында кол койулган.
  • Сауд Арабия Падышачылыгы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы айыл чарба, мал чарбачылыгын жана балык тармагында кызматташуу жөнүндө келишим 2017-жылдын 4-апрелинде кол койулган.
  • Сауд Арабия Падышачылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү ортосундагы кылмыштуулука каршы келишим 2016-жылдын 25-майда кол койулган.

Эки тарапта кароодо турган Келишимдердин саны – 8:

  • Сауд Араб Падышачылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү ортосундагы Салымдардын илгерилетүү жана коргоо жөнүндө келишимдин долбоору кароодо.
  • Сауд Араб Падышачылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү ортосундагы туризм жаатындагы келишимдин долбоору кароодо.
  • Сауд Араб Падышачылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү ортосундагы спорт жаатындагы келишимдин долбоору кароодо.
  • Халал өнөр жай тармагында кызматташуу боюнча Сауд Араб Падышачылыгы менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ортосундагы келишимдин долбоору каралууда.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мирация кызматы менен Сауд Араб Падышалыгынын жоопту мекемеси менен Кыргызстандан ишчилерди жиберүү тууралу келишимдин долбоору каралууда.
  • Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын Өкмөттөрү ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин долбоору каралууда.
  • Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын Өкмөттөрү ортосунда Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин долбоору каралууда.

Кол койулган  меморандумдардын саны - 3

  • Сауд Арабия Падышачылыгынын ТИМ жана Кыргыз Республикасынын ТИМ ортосундагы саясий консультатция боюнча меморандумдун долбоору кароодо.
  • Эки өлкөнүн маданият министирликтери 2016-жылдын 22-ноябырында кол койушкан.
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасыны Сауд Арабия Падышачылыгынын Соода-өнөр жай палаталары ортосунда бизнес кеӊеши тууралы меморандумга 2014-жылдын 2-декабырында кол койулган.

Эки тарапта кароодо турган Меморандумдардын саны - 8.

  • Сауд Арабия Падышачылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү ортосундагы билим жана илим жаатындагы меморандумдун долбоору кароодо.
  • Сауд Арабия Падышачылыгынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы айыл-чарба продукциясынын ветеринардык коопсуздугу тууралу меморандумдун долбоору кароодо.
  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Сауд Арабия Падышачылыгынын Жарандарды коргоо башкы башкармалыгы ортосундагы меморандумдун долбоору кароодо.
  • Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы менен Сауд Арабия Падышачылыгынын Кароль Фахд атындагы китепканасы ортосундагы Меморандума меморандумдун долбоору кароодо.
  • Кыргыз Улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Сауд Араб маалымат агенттиги өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун долбоору каралууда.
  • Социалдык о жана песиялык камсыздо жаатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Сауд Арабия Падышачылыгынын Улуттук пенсия фонду ортосундагы меморандумдун долбоору кароодо.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Сауд Араб Падышалыгынын Акча жүргүтүү агенттигинин «SAMA» отросундагы маалымат алмашуу, банктык көзөмөл жана банктык жөнгө салуу тармагында кызматташуу жөнүндөгү Меморандуму каралууда.