Консулдук каттоо

Консулдук эсеп Кыргыз Республикасынын жарандарын натыйжалуу консулдук тейлөөнү уюштуруу, алардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде коргоо максатында ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары барган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде консулдук эсепке турушат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгышы керек.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин консулу өзүнүн консулдук округунун чегинде Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарын консулдук эсепке тургузат:

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна чыгып кеткендерди;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабагандарды;

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан асырап алынган жашы жете элек балдарды;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон жашы жете элек балдарды;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган ордун алмаштырган жарандарды.

Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык каражаттар алынбайт.

 


Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу тартиби

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине консулдук эсепке тургузуу жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан консул тарабынан ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине жеке кайрылганда консулдук эсепке тургузуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү документтерин беришет:

1) Толтурулган каттоо карточкасын (жүктөө);

2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун;

3) бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн, ак фондогу, 3x4 см өлчөмдөгү эки түстүү фото сүрөтүн.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин расмий электрондук дарегине (kgembassy.sa@mfa.gov.kg) жогоруда белгиленген документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу.

 


Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу тартиби

8. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине жеке кайрылганда консулдук эсепке тургузуу үчүн төмөнкү документтерди беришет:

1) Толтурулган каттоо карточкасын (жүктөө);

2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун;

3) "Каттоо эсебинен чыгарылды" штампы басылган чыгаруу дарек баракчасын;

4) бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн, ак фондогу, 3x4 см өлчөмдөгү эки түстүү фото сүрөттү.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин расмий электрондук дарегине (kgembassy.sa@mfa.gov.kg) аталган документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу.

 


Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу тартиби

Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:

- жаран Кыргыз Республикасына кайткан учурда;

- Кыргыз Республикасынын жараны башка чет мамлекетке жашоо үчүн кеткен учурда;

- бир чет мамлекеттин чегинде Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган орду өзгөрүп, башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчүп кеткен учурда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда;

- Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодон чыгаруу үчүн төмөнкү документтерди беришет:

1) арыз (жүктөө);

2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту.

Консулдук каттоодон жеке келбестен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары көрсөтүлгөн документтерди сканерленген түрдө Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин расмий электрондук дарегине (kgembassy.sa@mfa.gov.kg) жөнөтүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда чет мамлекетте каттоодон чыгарылгандыгы жөнүндө күбөлүк алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк ведомствосуна кайрылууга укуктуу.