Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышачылыгынын

саяси кызматташтыгы

Сауд Арабия Падышалыгы  (САП) КРнын көз карандысыздыгын 1991-жылы 30-декабрда тааныган. Дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 19-октябрында түзүлгөн.

Ислам дүйнөсүндөгү глобалдуу жана регионалдык эл аралык мамилелердин заманбап системасында САПтын ролу абдан зор. Тарыхый жайгашкан жери жана башкы мумулмандык ыйык жерлердин болушу САПты исламдын борбору кылды. Мусулман дүйнөсүндө лидер боло алган анын тышкы саясий курсун аныктайт.

          САП эл аралык аренада өзүнүн негизги өнөктөштөрү менен пландуу кызматташууну улантуу менен өзүнүн негизги тышкы саясий курсун карманат. Өтө олуттуу жана принципиалдуу эл аралык маселелерди аныктоо боюнча каршы пикирлер бар болгонуна карабай Сауд Арабиясы кызыкчылыктардын стратегиялык бирдейлигин, кеңири кызматташтыктын пайдубалын, регионалдык жана дүйнөлүк саясат, экономикалык маселелер боюнча диалогду колдоого кызыкчылыгын сактоогоаракеттенет.

КРнын Эр-Рияддагы Элчилиги  2007-жылы түзүлгөн. Дипломатиялык өкүлчүлүк уюшулган учурдан тартып, араб дүйнөсү жана САП менен эки тараптуу мамилелерди бурулуш учуру деп мүнөздөөгө болот.  Элчиликтин ачылышы эки тараптуу маилелерди алга жылдырууга шарт түздү.

Акыркы жылдары САП менен саясий кызматташтык боюнча маселелер иштелип чыкты, бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде КР Президентинин жана КР ЖКнын Төрагасынын расмий сапары, ошондой эле КРнын бир катар министрлеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин сапарын айтсак болот. 

Келген өлкөбүздүн ички жана тышкы саясатындагы анык бир факторлорго карабай, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди максималдуу аткарууда бардык күч-аракеттер жумшалды. Жыйынтыгында жакшы жетишкендиктер болду.

 

Кыргыз-сауд мамилеси

 

Кыргыз-сауд мамилесинин абалы учурда бекем саясий базага ээ. Саясий кызматташтык макулдашылган мамилелерди түзүүгө аракеттенүү менен дүйнөлүк саясатта жана эки тараптуу мамилелерде, негизги маселелер боюнча пикирлер менен туруктуу негизде алмашуу эки тарапка тең мүмкүнчүлүк берген өз ара аракеттенүүнүн негизги функцияларынын бири болуп калат. 

Учурда Элчилик эки тараптуу жана ар тараптуу мамилелерди жандандырууга көңүл буруп жатат. Өзгөчө Сауд өнүктүрүү фонду (СӨФ) жана Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташууда алга жылууларга жетишти. 

Эки тараптуу кыргыз-сауд мамилеси ургалдуу өнүгүп жатат.  Анын далили катары КР менен САПтын, ИКУ менен ИӨБдүн өтө жогорку деңгээлдеги сапары, анын ичинде КРнын Президенти А.Атамбаевдин 2014-жылдын декабрындагы жана ЖКнын Төрагасы А.Жээнбековдун 2016-жылдын январындагы, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин 2016-жылдын октябрындагы, КРнын Жолдор жана транспорт министринин 2017-жылдын мартындагы, КРнын Айыл чарба министринин 2017-жылдын апрелиндеги, КРнын Биринчи Вице-премьер-министринин 2017-жылдын майындагысапарларын айтсак болот.

Аталган сапарлардын алкагында САПтын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен, САПтын Коргоо министри, мураскор ханзаада Мухаммед бин Саламан Аль Сауд менен,САКтын Мажлисинин Спикери Аш-Шура д-ом Абдалла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль Аш-Шейх менен, САПтын Финансы министри, СӨФ башкаруу кеңешинин Төрагасы менен, САПтын Ички иштер министри менен, Маданият жана маалымат министри менен, САПтын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри менен, Айыл чарба министри мкенен эки тараптуу жолугушуулар болду.

2017-жылдын  3-6-апрелиндеги аралыктаКыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашевдин САПка иш сапары болду. Анын жүрүшүндө Курчап турган чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, САПтын Сатуу жана медикаменттер боюнча башкы башкаруусунун Төрагасы жана Джидда шаарынын  вице-президенти менен жолугушту. Жыйынтыгында КР менен САКтын ортосундагы Айыл чарба, мал чарбачылык жана балык чарбасы жаатында кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

2017-жылдын15-18-майындагы аралыкта САПтын Джидда шаарындагы ИӨБ тобунун жыл сайын өтүүчү кеңешмесинин алкагындажалпы суммасы 80 000 АКШ долларын түзгөн КР менен СӨФтүн Өкмөттөрүнүн ортосунда 3 макулдашууга кол коюлду. 1. Бишкек шаарындагы балдар ооруканасын оңдоп-түзөө жана кеңейтүү боюнча КР менен СӨФтүн ортосундагы макулдашуу (30 млн. АКШ долл.). 2. Жалпыга билим берүү мекемелерин куруу жөнүндө КР менен СӨФтүн ортосундагы макулдашуу(30 млн. АКШ долл.). 3. «Түндүк-Түштүк» автожолун реконструкциялоо боюнча КР менен СӨФтүн ортосундагы макулдашуу (20 млн. долл. США).

2017-жылдын 21-майында Эр-Рияд шаарында 55 ислам мамлекеттеринин лидердери, мамлекет башчылары жана жогорку адамдарынын катышуусу менен араб-ислам-америка саммити болуп өттү.  КРнын делегациясынБиринчи вице-премьер министр  М.Абулгазиев жетектеп барды.

2019-жылдын 27-февралында Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын денгээлинде биринчи жолу жасалган расмий иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Сауд Арабиянын Тышкы иштер министри Ибрагим бин Абдельазиз Аль-Ассаф менен жолугушуусу болуп өттү.